“Төлөйкөн” ат майданындагы көк бөрү оюнунда коомдук тартипти бузган жана чагымчылдык аракеттерди жасаган 25 жаран аныкталды
![“Төлөйкөн” ат майданындагы көк бөрү оюнунда коомдук тартипти бузган жана чагымчылдык аракеттерди жасаган 25 жаран аныкталды](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2023/09/373098635_794416329350281_4204250051636236667_n-850x560.jpg)
Ош облусунун Төлөйкөн ат майданындагы көк бөрү оюнунда коомдук тартипти бузган жана чагымчылдык аракеттерди жасаган 25 жаран аныкталып, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалып келинди. Азыркы учурда тергөө-оперативдик тактоо иштери жүрүп жатат.
Окуя боюнча мыйзам бузууларга, коомдук тартипти бузууга жана чагымчылдык жасооого байланышкан жагдайлар аныкталса мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышат.
Ал эми ооруканга 7 жаран кайрылган, анын ичинен 1 кызматкер бар.
Мындан сырткары 2023-жылдын 31-август күнү саат 18:50 чамасында, “Көк-Бөрү” улак оюнунда Ош облустук тез жардам кызматынын “Форд-Транзит” үлгүсүндөгү автоунаасынын терезелери талкаландыгы боюнча нөөмөт бөлүгүнө кабар келип, маалыматтык электрондук журналына катталган.