Төө-Ашуу жана Сосновкада жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди
![Төө-Ашуу жана Сосновкада жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2022/10/d6a62f72-e043-4b26-a26f-280e5ffd7b1f_cx0_cy16_cw0_w1080_h608.730x0.jpg)
Бүгүн, 26-октябрь саат 11:40 баштап тыгындарды болтурбоо максатында аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин Төө-Ашуу жана Сосновкада бекетинде жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди.
Эрежеге ылайык, кар жааганда жүк ташуучу унаалар Төө-Ашуудагы жолдун аркы өйүзүнө токтоп, унаалардын жүрүшүнө тоскоолдук жаратат. Ошонун негизинде аларга чектөө киргизилет.
“Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек-Ош унаа жолунда аба-ырайынын шартына байланыштуу жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүүиштери жүргүзүлүүдө”, – деп айтылат маалыматта.
Буга байланыштуу “Кыргызавтожол” айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн ала жүрүүнү сунуштайт.