Сырткы күчтөрдүн ички ишибизге кийлигишүүсүнө жол берилбейт – президент

Сырткы күчтөрдүн ички ишибизге кийлигишүүсүнө жол берилбейт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Европа парламентинин адам укуктары боюнча кичи комитетинин депутаттарынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, өлкөдө уюшкан кылмыштуу топ менен кандай катуу күрөш жарыяланган болсо, шайлоодо добуш сатып алууга дагы дал ошондой катуу күрөш жарыяланды. Мындан ары сырткы күчтөрдүн өзүнүн талапкерин каржылап коюп, өлкөнүн ички саясатына кийлигишүүсүнө жол берилбейт.
“Эмне үчүн? Анткени, 2005-жылдан 2020-жылга чейин өлкөдө үч жолу төңкөрүш болду. Үчөө тең ушул шайлоолордун адилетсиз жыйынтыгынан келип чыкты. Шайлоолорду тыштан каржылаган чоң державалар болду, добуш сатып алгандар болду, бийликте отургандар бир талапкерге жардам берип, аны депутат же президент кылып алган фактылар болгон үчүн бизде үч жолу төңкөрүш орун алды. Биз дагы толук кандуу көз карандысыз мамлекет болгубуз келет. Ошондуктан бул маселеге олуттуу карап жатабыз. Тагыраагы, мындан ары шайлоолордон болобу, адилетсиздиктен болобу төңкөрүш болбосун деген аракеттерди көрүп жатабыз”, – деди мамлекет башчысы.