Сузакта кум-шагыл жана бетон өндүрүүчү завод ачылды
Бүгүн Сузак районунун Орто-Сай айылында заманбап “Цзиянъ” ЖЧКсынын кум-шагыл жана бетон өндүрүүчү заводу ишке берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев катышты.
Ишкананын кубаттуулугу күнүнө 1500 куб метр кум-шагыл аралашмасын жана 1500 куб метр бетон өндүрүүгө жетет. Өндүрүш объектиси курулуш тармагын керектүү материалдар менен камсыздап, 30дан ашуун жергиликтүү тургунду жумуш орду менен камсыз кылууда.
Жалпы 5000 чарчы метр аянтты ээлеген ири долбоордун наркы 7 миллион АКШ долларын түзөт. Ал Кытай Эл Республикасынан келген инвесторлордун колдоосу менен ишке ашырылды.
Облус башчысы Тилек Текебаев салтанаттын катышуучуларын куттуктап, заводдун ишмердүүлүгү аймактагы курулуш иштеринин сапатын жогорулатууга, экономикага жаңы дем берүүгө жана жергиликтүү калктын жашоосуна оң таасир тийгизүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.