Сузак районунда жаңы мектеп ачылды

 Сузак районунда жаңы мектеп ачылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл  аймагынын Түрк-Абад айылындагы 275 орунду жаңы мектептин ачылышына катышты.

“Заман өзгөрдү, жер тегеренип алда канча алдыга кетти. Биздин балдар жогорку технологиялуу, атаандаштыкка жөндөмдүү, бир кесипке, бир жөндөмгө, бир көндүмгө ээ болуп, оокатка тың балдардан болсун”-деген Акылбек Жапаров мектептин жаңы имаратынын ачылышы менен элеттиктерди куттуктады.

Ошондой эле Акылбек Жапаров чогулган элге мамлекетте жасалып жаткан реформанын натыйжасында жасалып жаткан иштерден азын оолак кеп кылды. Быйыл өлкөнүн бюджети 570 млрд сомго жетти.

Белгилей кетсек Түрк-Абад айылындагы мектепти курууга 20 млн 350 миң сом жумшалып, аны “Ассанабиль” кайрымдуулук фондусу каржылаган.

Связанный пост