Сузак районунда күздүк себүү иштери дыйкандарга үлгү иретинде жүргүзүлүүдө
Сузак районунда күздүк себүү иштери үлгү иретинде жүргүзүлүп жатат.
Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев бүгүн «Ала Тоо азыгы» фермердик чарбасына барып, талаа жумуштарынын жүрүшү менен таанышты.
Иш-чарага айыл чарба өсүмдүктөрүн өнүктүрүү департаментинин башчысы Бакыт Мамбетов да катышып, агротехнологиялык процесстерди жана үрөн тандоо ыкмаларын талкуулады. Министр жер иштетүү жана үрөн тандоодо мыкты тажрыйбаны үлгү катары көрсөтүү маанилүү экенин белгиледи.
Жергиликтүү дыйкандардын айтымында, жерди туура тандоо жана топурактын курамын анализдөө түшүмдүүлүктүн негизги фактору болуп саналат. Макро жана микроэлементтерди аныктоо, жер семирткичтерди туура колдонуу өсүмдүктөрдүн сапаттуу өсүшүн камсыздайт.
Адистердин маалыматына караганда, күздүк себүүнүн өзгөчөлүгү — өсүмдүк төмөнкү температурада да өнүгүп, жаздык себүүгө салыштырмалуу туруктуураак түшүм берет. Себилүүчү буудай кайракы жерлерге ылайыкташкан ата мекендик сорт болуп, анын үрөнүнүн тазалыгы 99% ды түзөт.
Белгиленгендей, мамлекет тарабынан дыйкандарга биринчи репродукциядагы (С1 үлгүсүндөгү) үрөндөр берилүүдө. Бул сорт өндүрүштүк шарттарга ылайыктуу жана климаттык өзгөрүүлөргө туруктуу экени белгиленди.