Суусамырда 5 тоннага жакын мазут төгүлгөн: Айдоочуга айып салынды
Суусамыр өрөөнүндө жол кырсыгынан улам жер кыртышына 4-5 тоннага жакын мазут төгүлгөн факты боюнча күнөөлүү жаранга 20 миң сом айып салынды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, окуя Бишкек – Ош унаа жолунун 205-чакырымында катталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө мазут ташып бара жаткан жүк ташуучу унаа оодарылып, күйүүчү май жер кыртышына төгүлгөнү аныкталган.
Учурда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды азайтуу жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча көзөмөл иштерин улантууда.
Министрлик кооптуу жүктөрдү ташууда экологиялык жана техникалык коопсуздук талаптарын так сактоого чакырды.