Суусамыр – Талас – Тараз жолун реконструкциялоо иштери башталды

Бүгүн “Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза” долбоорунун курулушуна старт берилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага транспорт министри Абсаттар Сыргабаев, президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев, Талас шаарынын мэри, Талас облусундагы райондордун мамлекеттик администрациясынын башчылары жана жергиликтүү тургундар катышты.

Сыргабаев долбоор ийгиликтүү ишке ашып, элге кызмат кылуусун каалап, төмөнкүлөргө токтолду:

“Суусамыр-Талас-Тараз, 104,6-197,6 км участогу мамлекетибиз эгемендүүлүк алгандан бери бул жолдо оңдоо иштери гана аткарылып келген. Транспорттордун көбөйүшү жана жолдун эскилиги бул жолдо коопсуз жүрүүгө шарт түзө албай калды. Буга байланыштуу, бул долбоордук участок көп жылдардан бери реконструкциялоого муктаж болуп келген. Президенттин жана министрлер кабинетинин чоң салымы жана колдоосу менен бул долбоордук участоктун каржылоо маселеси чечилип, бүгүнкү күндө курулуш иштери башталганы турат”, – деди ал.

Министр белгилегендей, долбоор II техникалык категориясына ылайык иштелип чыккан. Калктуу конуштарда 4 тилкелүү, ал эми калктуу конуштардан тышкары участоктордо 2 тилкелүү жол болуп салынат. Калктуу конуштарда жарыктандыруу, тротуар, светофорлор ж. б. жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо элементтери каралган.

Белгилей кетсек, долбоор министрлер кабинетинин Туруктуу өнүктүрүү максаттарына туура келип, иш-чаранын аткарылыш сапатын жогорулатуу аркылуу жетишүү аракеттерин колдойт. Жол Талас облусунун Манас, Айтматов, Бакай-Ата жана Талас райондору аркылуу өтөт.

Участоктун узундугу, реконструкция талап кылына турган бөлүгү — 93 км түзөт.

Связанный пост