Суукка байланыштуу энергетикалык объекттердин иши текшерилүүдө

Бүгүн энергетика министри Таалайбек Ибраев аба ырайынын кескин төмөндөгөнүнө байланыштуу энергетикалык объектилердин ишин текшерди. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Анда министр Бишкек электр тармактар ишканасынын электр энергиясын сатуу кызматын текшерип барып, калкты тейлөө иштери менен жеринде таанышты.

Министр энергетиктерге учурдагы аба ырайы төмөндөп турган маалда калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууну жана күчөтүлгөн штаттык режимде иш алып барууну тапшырды.

Мындан тышкары, тийиштүү жетекчилерге ыкчам бригадаларды штаттан тышкаркы кырдаалдарда авариялык оңдоо жабдуулар менен камсыздоону, атайын техникалар менен бригадалык автоунааларды даярдап, күчөтүлгөн тартипте иш алып барууну, калкты тейлөө иштерин жакшыртуу тапшырмасын койду.

Эгерде электр энергиясы менен камсыздоо боюнча суроолор пайда болсо, күнү-түнү иштеген төмөнкү номерлерге кайрылсаңыз болот:

  • Бишкек электр тармактар ишканасы – (0312) 53-00-84;
  • Чүй электр тармактар ишканасы – +996 (312) 33-85-03;
  • Баткен электр тармактар ишканасы – +996 (03622) 5-06-28;
  • Ош электр тармактар ишканасы – +996 (3222) 5-50-38;
  • Жалал-Абад электр тармактар ишканасы – +996 (3722) 5-13-50;
  • Ысык-Көл электр тармактар ишканасы – +996 (3922) 4-24-53;
  • Нарын электр тармактар ишканасы – +996 (3522) 5-12-73;
  • Талас электр тармактар ишканасы – +996 (3422) 5-36-05.

Связанный пост