Суу ресурстарынын кызматына 2,2 млрд сом бөлүндү

 Суу ресурстарынын кызматына 2,2 млрд сом бөлүндү

2023-жылга КР Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба кызматынын (борбордук аппараттын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн) чыгашалары 5607,1 млнсом суммасында каралган.

Анын ичинде:

– бюджеттик каражаттар жана атайын каражаттар сом 2 837,7 млн сом;

– мамлекеттик инвестициялык фонддор 2 769,4 млн сом;

Бюджеттик каражаттардын эсебинен ирригациялык системаларды оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине 162,1 млн сом каралган. 2023-жылдын 31-августуна карата 100% каржыланды.

Мындан тышкары, жыл ичинде кошумча каражаттарды бөлүү чечими кабыл алынган:

– Эмгек акы жана Социалдык фондунун беренелери боюнча 500,9 млн сом

– Жер казуучу снаряддарды сатып алууга 199,4 млн сом. Учурда мамлекеттик сатып алуу процедурасы жүрүп жатат;

– ирригациялык системаларды оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине 800,0 млн сом. 2023-жылдын 31-августуна карата 446,8 млн сом каржыланды.

Белгилей кетсек, Финансылык-кредиттик фонд тарабынан да Суу кызматына атайын техникаларды сатып алууга жакынкы жылдарга 1 млрд сомго жакын каражат каралып, анын 350,0 млн сому жыл аягына чейин бөлүнөт.

Связанный пост