Суу чарба объектилеринде оңдоп-түзѳѳ жумуштарын жүргүзүү үчүн республикалык бюджеттен быйыл 962 млн сом каралган

 Суу чарба объектилеринде оңдоп-түзѳѳ жумуштарын жүргүзүү үчүн республикалык бюджеттен быйыл 962 млн сом каралган
Суу ресурстары кызматынын карамагындагы суу чарба объектилеринде оңдоп-түзѳѳ жумуштарын жүргүзүү үчүн республикалык бюджеттен 2023-жылга 962,1 млн. сом каралып, 2023-жылдын 14-августуна карата 597,1 млн. сом каржыланды. Бөлүнгөн каражатка 534,6 км чарба аралык каналдардын оӊдоо, бетондоо жана механикалык тазалоо, 563 гидротехникалык курулмалардын, 197 суу ѳлчѳѳчү посттордун, 88 насостук станциялардын, 153 насостук агрегаттардын оӊдоо, 16 насостук агрегаттын жаӊылоо иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле 93,4 км коллектордук-дренаждык тармактын механикалык тазалоо иштери аткарылып, натыйжада 1868 га сугат жерлердин мелиоративдик абалы жакшыртылды.
Суу ресурстары кызматынын 2023-жылдын капиталдык оңдоолор планына ылайык оңдоо-калыбына келтирүү иштери улантылууда жана 2023-жылдын аягына чейин жүргүзүлөт.

Связанный пост