Сугат мезгилинде Кыргызстан Казакстанга 580 млн куб метр суу берет

 Сугат мезгилинде Кыргызстан Казакстанга 580 млн куб метр суу берет

Казакстанда Чүй жана Талас дарыяларындагы мамлекеттер аралык суу чарба объекттерин пайдалануу боюнча Кыргызстан менен Казакстандын комиссиясынын 35-жыйыны болуп өттү.

Кыргыз делегациясын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жетектеди, ал эми Казакстандык делегацияны суу ресурстары жана ирригация вице-министри Нурлан Алдамжаров жетектеди.

Тараптар Чүй жана Талас дарыяларында мамлекеттер аралык пайдалануу объектилерин биргелешкен каржылоо жөнүндө жана бир катар башка маселелер талкууланды.

Иш-чаранын жыйынтыгында комиссиянын 35-отурумунун протоколуна кол коюлду. Ага ылайык, Кыргызстан 2025 — жылдын сугат мезгилинин алкагында Казакстанга 580 млн м3 суу жиберет (Талас дарыясы боюнча 400 млн м3 суу, Чүй дарыясы боюнча дагы 180 млн м3 суу берилет).

Связанный пост