Судьялар кеңеши эки судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди
2023-жылдын 26-сентябрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезексиз жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Судьялар кеңешинин басма сөз кызматы маалымдады.
Жыйында сотко чейинки өндүрүш боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарында, 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4, 5-пункттарында, 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда жана 337-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча Бишкек шаардык сотунун судьясы И.Н.А. жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын сунушу каралды.
Ошондой эле сотко чейинки өндүрүш боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 2-бөлүгүндө, 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарында жана 41-беренесинин 2-бөлүгүндө, 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарында, 41-беренесинин 2-бөлүгүндө, 342-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы К.Н.Т. жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын сунуштары каралды.
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Тартип комиссиясынын баяндамаларын угуп, корутундуларын талкуулап, Бишкек шаардык сотунун судьясы И.Н.А. жана Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы К.Н.Т. жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын сунуштамаларын канааттандыруу жөнүндө чечимдерди кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Президентине жогоруда аталган судьяларды кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө сунуш киргизилди.