ССМ: Майыптык фактысын аныктоо үчүн 450 документтин пакети онлайн түзүлдү

 ССМ: Майыптык фактысын аныктоо үчүн 450 документтин пакети онлайн түзүлдү

Саламаттык сактоо министрлиги санариптик чечимдерди колдонуу менен медициналык кызмат көрсөтүүнү дебюрократизациялоону улантууда.

Ведомстводон белгилешкендей, өкмөттүн акселераторлор программасын ишке ашыруунун алкагында экспертизадан өтүү, кайра экспертизадан өткөрүү жана майыптык фактысын аныктоо тартибин санариптик трансформациялоо жүргүзүлдү.

МСЭК органдарына медициналык-социалдык экспертизага электрондук жолдомолорду түзүү жана жөнөтүү процесстери кайра иштелип чыкты. Санариптик чечим бейтаптын активдүү катышуусун талап кылбастан мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүгө мүмкүндүк берет.

2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында ведомстволор аралык кызматташуунун алкагында Бишкек шаары боюнча 450 документтин пакеттери боюнча корутундулар ийгиликтүү түзүлүп, кабыл алынган.

2024-жылы республика боюнча санариптик чечимди жайылтуу пландаштырылууда. Бул өлкөнүн бардык жарандары үчүн медициналык-социалдык экспертиза процессинин ыңгайлуулугун жана натыйжалуулугун бир топ жогорулатат.

Связанный пост