Спорттук күрөш боюнча улуттук курама команда Дүйнө чемпионатында 3-орунду ээледи
Кыргыз Республикасынын спорттук күрөш боюнча Белград (Сербия) шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында 5 медаль (3 алтын, 1 күмүш, 1 коло) жеңди.
Эркин күрөшү боюнча 61 кг чейинки салмакта Тайырбек Жумабек уулу коло медалга ээ болгон.
Ал эми кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 чейинки салмакта Айсулуу Тыныбекова алтын медаль тагынса, 76 кг чейинки салмак категориясында Айпери Медет кызы күмүш медалга ээ болду.
Грек-рим күрөшү боюнча 60 кг чейинки салмакта Жоламан Шаршенбеков жана 77 кг чейинки салмак ченинде Акжол Махмудов алтын медалга ээ болгон.
Жалпы командалык эсеп боюнча курама команда 3-орунду ээлеген. Ал эми 1-орунду Жапония жана 2-орунду АКШ ээледи.
Аталган мелдеш 2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына лицензиялык мелдеш болуп эсептелет. Жолдомону ар бир Олимпиадалык салмак ченинде бештен балбан алат.