Соттук-эксперттик кызмат жылдын I жарымында оң натыйжаларга жетишти
Соттук-эксперттик кызмат 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен билдиришти.
Кеңешмеде түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилеринин ды. Ошондой эле жылдын экинчи жарымына карата артыкчылыктар аныкталды.
Соттук-эксперттик кызматтын төрагасы Талантбек Кожонов белгилегендей, отчёттук мезгил ичинде кызмат оң натыйжаларга жетишти.
“Кайра жана кошумча экспертизалардын саны, ошондой эле аткарылбай кайтарылган материалдардын саны азайган. Бул укук коргоо органдары жана соттор тарабынан изилдөөлөрдү дайындоодо жүктүн турукташып, тактыктын жогорулагандыгын көрсөтүп турат”, – деди ал.
Дайындалган экспертизалардын негизги көлөмү салттуу түрдө ИИМге (экспертизалардын 78%) туура келет, ал эми аймактар боюнча Бишкек (35%), Чүй (20%) жана Ош (17%) облустары алдыңкы орунда турат.
“Бүгүнкү күндө кызмат туруктуу өнүгүү жолунда. Биз биргелешкен иштин натыйжаларын көрүп жатабыз жана токтоп калбастан, кесипкөй мамилени, ачыктыкты жана коомчулуктун ишенимин бекемдөөнү улантуу маанилүү”, – деди Кожонов.
Мындан тышкары, акы төлөнүүчү кызматтар боюнча экспертизалардын санынын олуттуу өсүшү белгиленди. Юридикалык жана жеке жактардан түшкөн каражат дээрлик 5 млн сомду түзүп, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,5 эсеге көп болду.