Сотко кайрылуу жеңилдеди: Мамлекеттик алымды онлайн төлөсө болот

 Сотко кайрылуу жеңилдеди: Мамлекеттик алымды онлайн төлөсө болот

Эми сот органдарына кайрылууда мамлекеттик алымды онлайн төлөөгө болот. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Маалыматка ылайык, алымдын суммасын так жана ыкчам эсептөө үчүн sot.kg порталында атайын онлайн-калькулятор иштейт.

Аталган сервис арыздын же доо арыздын категориясына жараша төлөнүүчү каражаттын суммасын эсептеп берет.

“Төлөмдү аткаруу үчүн жарандар sot.kg порталындагы калькулятор аркылуу алымдын суммасын эсептеп чыгышы керек. Андан соң “Түндүк” тиркемесинде же мамлекеттик кызматтар тутумундагы “Алымды төлөө” бөлүмүндө банк тиркемеси аркылуу “Төлөө” баскычын басардан мурда аты-жөнүн, реквизиттерди жана сумманы кылдат текшерүү зарыл. Каражат эсептен чыгарылып, төлөмдүн статусу “Төлөндү” деп өзгөргөндөн кийин гана транзакция ийгиликтүү аткарылды деп эсептелет”, – деп белгилешти Жогорку соттон.

Связанный пост