Сот процессинде он-лайн сурак алуу практикасын колдонуу сунушталууда
Жогорку Кеңештин жыйынында “КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору экинчи окуудан өттү.
Сунушталган мыйзам долбооруна ылайык, экономикалык кылмыздарга шектелип ТИЗОдо отургандарды сот отурумуна алып келбей, он-лайн сурак кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Юстиция министри Аяз Баетов арестанттарды ары-бери сотко ташууга жетишпей, анын кесепетинен сот иштери дагы созулуп кетип жатканын билдирди. “Бир эле Бишкекте жылына 11миң жолу арестанттарды ташуу иши жүргүзүлгөн. Кээ бир учурда айыпталуучуну өз убагында сотко алып келүүгө мүмкүн болбой процесс жылдырылып калууда. Эгер сурак он-лайн болсо, бул өтө ыңгайлуу болот. Мындай практика башка өлкөлөрдө кеңири колдонулуп келет”,-деди министр.
Депутат Чингиз Айдарбеков, суракка видеобайланыш аркылуу чыгуу кооптуу экенин билдирип, мындай системаны киргизүүнүн алдында техникалык жактан өтө сапаттуу жабдылышы зарыл деген ойду айтты. Аяз Баетов бардык шарттар түзүлүп, сурак он-лайн өтсө камералар иштеп, сот процессине кош көзөмөл болот деп жооп берди.
Депутат Коргонбай уулу Жусупбек мындай өзгөртүүлөрдөн бюджетке канча үнөм болоруна кызыкты. Депутат Эмил Жамгырчиев 7000ден ашык арестант кармалганын жана аларга жылына 500миң доллар коротулганын тастыктап, он-лайн сурак киргизилсе бир топ каражат үнөм болорун айтты.
Депутаттар замандын талабына ылайык сунуш экенин эске алып, мыйзам долбоорун колдоп беришти.