Сот аткаруучулар кызматы түзүлдү
Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматы түзүлдү. Бул тууралуу прокуратурадан билдиришти.
Сот аткаруучулар кызматынын негизги багыты – аткаруу документтерин мажбурлап аткарууну камсыздаган мамлекеттик орган катары иш алып баруу болуп саналат.
Кызмат учурда коомчулук менен ачык байланыш түзүү, ишмердүүлүгү жөнүндө ыкчам жана так маалымат жеткирүү, ошондой эле жалган маалыматтардын жайылышына каршы туруу максатында расмий маалыматтык ресурстарынын ишин баштады.