Сосновка постунда унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди
Сосновка постунда түшкү саат 14:30дан тарта унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилип, жол эки тараптуу жабылды. Бул тууралуу КРнын Транспорт жана коммуникация министрлининин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, аба ырайынын начарлашынан улам 17-апрелге караган түнү саат 02:00дон тарта оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген.
Азыркы тапта Төө-Ашууда кар жаап, бороон болуп жатат. №9 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан бороондон пайда болгон кар күрткүлөр тазаланып, инерттик материалдар себилүүдө.
Кырдаалга жараша кошумча маалымат берилет.