“Сосновка” посттунда стационардык аппараттык-программалык комплекси иштөөдө. 2 күндө 30дан ашык авто унаа кармалды
Жайыл районундагы «Сосновка» көзөмөл-өткөрмө жайына 25-июндан тартып, стационардык аппараттык-программалык комлекси иштей баштады. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады.
Ал Бишкек шаарынан жана Чүй облусунун аймагынан башка аймактарга чыгып бара жаткан авто унаалардын:
-Издөөдө жүргөндүгүн;
-Айып пулдарын өз убагында төлөбөгөндөрүн жана сотко өткөндөрүн;
-Каттоосу убактылуу токтотулгандарын;
-Ылдамдыкты ашырып айдагандарын жана башка баардык укук бузууларын аныктайт.
5-июндан тартып, 3 күн ичинде Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери бул стационардык аппараттык-программалык комплексси аркылуу 30дан ашуун ар кандай эреже бузган авто унааларды аныктап, убактылуу айып аянтчасына токтотту.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы алыскы жолго чыккан айдоочулардан авто унаанын айып пулдарын өз убагында төлөп, издөөдө жана камакка алынгандыгын текшерип, анан жолго чыгууңуздарды эскертет.
Азыркы учурда, стационардык аппараттык-программалык комплексстерин Кыргызстандын башка аймактарына да орнотуулар пландалууда.