Сокулукта жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүрүүчү борбор ачылды

Бүгүн, 10-сентябрда Чүй облусунун Сокулук районунда Жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүрүү боюнча окуу-илимий борборунун салтанаттуу ачылышы өттү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул борбордун негизги максаты – жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн түшүмдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу, туруктуу үрөн менен камсыз кылуу системасын түзүү жана азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө болуп саналат. Ошондой эле илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү жана агрардык тармакта дуалдык билим берүүнүн деңгээлин көтөрүү каралган.

Ачылыш аземине Минкаб төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, Кыргызстандагы Корея Республикасынын элчиси Ким Кванджэ жана Кореянын Айыл чарба министрлигинин өкүлү Мун Кён Дак катышты.

Министрдин айтымында, Кыргызстан жыл сайын 250 миң тоннадан ашык айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн колдонуп келет. Бирок алардын сапаты талапка толук жооп бербейт: үрөндөрдүн болгону 20–25% гана заманбап стандарттарга ылайык келет. Элиталык жана жогорку репродукциялуу сорттордун үлүшү төмөн, ата-мекендик селекциянын деңгээли да жетишсиз бойдон калууда.

“Министрлер кабинети үрөн секторун жакшыртуу боюнча олуттуу кадамдарды жасап жатат. Сертификация, ченемдик-укуктук база жана эл аралык стандарттар киргизилүүдө”, — деди Бакыт Төрөбаев.

Жаңы ачылган борбор агрардык тармак үчүн жогорку квалификациялуу адистерди даярдап, дыйкандарды сапаттуу, жергиликтүү үрөн менен камсыздоого шарт түзөт.

Белгилей кетсек, бул окуу-илимий борбор Корея Республикасынын колдоосу менен, жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөн өндүрүүчү инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган эл аралык долбоордун алкагында түзүлдү.

Связанный пост