Сокулукта алкоголдук ичимдиктерди мыйзамсыз өндүргөн кампа аныкталды
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери “Берекет Универсал” базарынын аймагында жүргүзүлгөн рейддик салык контролунун жүрүшүндө мыйзамсыз контрафакттык арак аныкталып, анын жашыруун өндүрүш булагына бөгөт коюшту.
Ведомствонун маалыматына караганда, текшерүүнүн жүрүшүндө 705 даана мыйзамсыз арак табылган.
Мындан тышкары, Сокулук районунун Маловодное айылында уруксат кагазы жана салыктык каттоосу жок кампа аныкталды. Анда 137 литр болжолдуу этил спирти, 73 даана контрафакттык арак, ошондой эле жасалма этикеткалар жана акциздик маркалар тартылып алынды.
Бул факт боюнча материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.
Эскерте кетсек, акциздик маркалары жок 200 даанага чейин акциздик продукция саткандыгы үчүн 80 миң сом өлчөмүндө айып пул, ал эми 200 даанадан ашык болсо 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
Салык кызматы ишкерлерди акциздик маркалары жок акциздик продукцияны сатуудан баш тартууга жана товарлардагы марканын аныктыгын жана шайкештигин кылдат текшерүүгө чакырат.
Ошондой эле, жарандардын ден соолугун коргоо максатында, калкка алкоголдук продукциядагы акциздик марканын бар экендигине жана аныктыгына көңүл бурууну суранабыз. Шектүү акциздик продукция табылган учурда бул тууралуу Салык кызматынын органдарына токтоосуз билдирүү зарыл.
Акциздик марка боюнча маалыматты Salyk.kg мобилдик тиркемеси аркылуу сканерлөө жана кол менен киргизүү функциясы менен текшерсе болот.
Ошондой эле алкоголдук жана тамеки продукцияларына Data Matrix санариптик маркасы коюлат, ал эми товар жөнүндө бардык маалыматты “Teksher”мобилдик тиркемесинин жардамы менен текшерүүгө болот.