Сокулук жана Аламүдүн райондоруна 7 миңден ашуун “акылдуу” электр эсептегич орнотулду

 Сокулук жана Аламүдүн райондоруна 7 миңден ашуун “акылдуу” электр эсептегич орнотулду

Сокулук жана Аламүдүн райондорунда дагы 7091 “акылдуу” электр эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Чүй электр тармактар ишканасынын адистери керектөөчүлөрдү тейлөө сапатын жакшыртуу, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында “акылдуу” электр эсептегичтерин орнотууну улантууда.

Белгилей кетсек, санариптештирүү иштеринин алкагында Чүй облусу боюнча буга чейин 74 миң 137 даана акылдуу эсептегич орнотулган.

Санариптештирүү иштеринин алкагында коюлуп жаткан “акылдуу” эсептегичтин эски эсептегичтен айырмасы – бул көрсөткүчтөрдү автоматтык түрдө жана реалдуу убакытта компаниянын серверине жөнөтүп, электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн сактайт жана кардарларды аралыктан тейлөө мүмкүнчүлүгү бар.

Бул иштер техникалык жана коммерциялык жоготууларды азайтып, электр энергия менен камсыздоонун сапатын жогорулатат.

Связанный пост