Соцтармакта чагымчыл билдирүүлөрдү жазган жаран кармалды
Социалдык тармактардагы улуттар аралык мүнөздөгү чагымчыл билдирүүлөрдүн автору кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызмат этностор аралык чыр-чатактын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин алкагында социалдык тармактарда белгилүү бир улутка карата жеке кастыгын билдирген чагымчыл билдирүүлөрдү системалуу түрдө жарыялаган Т.А.Д. аттуу кыргыз жаранын аныктады.
Анын аракети этностор аралык чыр-чатакты козутуучу фактор болуп саналат жана массалык башаламандыкка алып келиши мүмкүн.
Тактап айтканда, козголгон кылмыш ишинин жана чогултулган материалдардын алкагында Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынан эксперттик корутунду алынган, анда Т.А.Д. тарабынан социалдык тармактарда жарыяланган материалдарда улуттар аралык кастыкты козутуунун белгилери бар экени аныкталган.
Мындан улам “Расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (пикир келишпестикти) козутуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ал эми билдирүүнүн автору Т.А.Д. УКМКнын тергөө абагына камакка алынып, тиешелүү тергөө иш-чаралары уланууда.
УКМК улуттар аралык кастыкты козутууга чакырган жалган жана провокациялык маалыматтарды тараткандыгы жана жарыялагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.