Социалисттик Эмгектин Баатыры Орозакун Мамбетакунов 84 жаш курагында дүйнөдөн өттү

 Социалисттик Эмгектин Баатыры Орозакун Мамбетакунов 84 жаш курагында дүйнөдөн өттү
Үстүбүздөгү жылдын 14-августунда “Социалисттик Эмгектин Баатыры”, “Кыргыз ССРнин мал чарбасына эмгек сиңирген устаты”, “Ленин” ордени, эки жолку “Эмгек Кызыл Туу” ордендеринин ээси Орозакун Мамбетакунов 84 жаш курагында дүйнөдөн өттү.

Орозакун Мамбетакунов 1940-жылы 5-октябрда Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында туулган. Эмгек жолун Ача-Кайыңды айылында малчы болуп баштаган. 1964-жылдары совхоздун баш чабаны болгон. Малдын санын көбөйтүүдө жана жүн өндүрүүдө мыкты көрсөткүчтөргө жетишип, 1971–1975-жылдары ар жүз тубар койдон 143-166дан козу, ар койдон 4,0-5,4 килограмм жүн кыркып алган.

Айыл чарбасындагы үлгүлүү эмгеги үчүн 1973-жылы “Социалисттик Эмгектин Баатыры” наамын алган. 1977-жылы мал чарбачылыгына кошкон салымы бааланып, “Кыргыз ССРнин мал чарбасына эмгек сиңирген устаты” ардактуу наамы ыйгарылган. 1973-жылы Ленин ордени, 1971-1976-жылдары эки жолку “Эмгек Кызыл Туу” ордендери менен сыйланган.

1979–1984-жылдары СССР Жогорку Советинин депутаты болгон. Республиканын “Ардактуу аксакалы” наамы ыйгарылган.

2022-жылы О. Мамбетакуновдун ысымы Ача-Кайыңды айылындагы балдар бакчасына берилген.

Орозакун Мамбетакунов үй-бүлөсүндө камкор ата, күйүмдүү жар болуп, байбичеси экөө үч уул, беш кызга, отуздан ашык небере-чөбөрөсүнө татыктуу билим-тарбия беришкен.

Ал эмгекчил, адамгерчилиги бийик инсан катары эли-журтунун эсинде калды.

Орозакун Мамбетакуновдун үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөбүз.

С.Н. Жапаров, Н.Т. Шакиев, А.У. Жапаров, С.С. Касмамбетов, А.А. Касымалиев, К.К. Ташиев, Б.Э. Торобаев, Э.Ж. Байсалов, А.Б. Кенжебаев, А.С. Кадыралиев, М.К. Укушов, А.К. Осмонов жана башкалар.65818:03

Связанный пост