Социалдык жактан маанилүү товарлар кымбаттап кеткенде мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет

 Социалдык жактан маанилүү товарлар кымбаттап кеткенде мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет

Бүгүнкү күндө Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бааларга мониторинг гана жүргүзө алат. Социалдык жактан маанилүү товарлар кымбаттап кеткенде мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Женалы Орозбаев “Кабар” агенттигине билдирди.

“Инфляцияга дүйнөлүк экономиканын таасири абдан чоң. Ошол эле маалда башка өлкөлөрдөгү кырдаалдар да кыйгап өтпөйт. Өзүбүздү картошка, сүт азыктары, жашылча-жемиш, эт азыктары менен камсыздайбыз. Бирок ошентсе дагы Кыргызстан көп азык-түлүктү чет өлкөдөн импорттойт. Алардан товарлар кандай баа менен келсе, ошого жараша бизде баалар коюлат.

Экинчиден, инфляциянын деңгээлине таасирин тийгизген нерсе элдин кирешесинин өсүшү. Сатып алуу мүмкүнчүлүгү көбөйгөн сайын баанын өзгөрүшүнө алып келип жатат. Бири кызмат көрсөтсө, башка бирөө кызмат алат да, мына ушунун бардыгы чынжырча сымал байланышта. Бүгүнкү күндө Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бааларга мониторинг гана жүргүзө алат. Социалдык жактан маанилүү товарлардын баасы кымбаттап кеткенде мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет. 90 күнгө киргизилген чектөө учурунда биз койгон баа менен гана товарлар сатылышы керек. Бул мөөнөттү узартууга да болот.

Маселен, 2021-жылы өсүмдүк майы жана кумшекерге мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген. Ошондо эсептөөлөр боюнча, сатып алуучулардын 800 млн сомун үнөмдөп калдык. Азыр жыл сайын көмүргө көзөмөлдү киргизип жатабыз. Анткени алып-сатарлар каалаган баасын коюп алып жатат. Ошондой эле буудайдын корун камдоо, ундун баасын кармап туруу жана керектөөчүлөрдү толугу менен камсыз кылуу максатында биз Айыл чарба министрлиги жана кайра иштетүүчүлөр болуп, үч тараптуу келишимге кол койгонбуз. Ошол келишим азыркыга чейин иштеп келе жатат. Жыл сайын узартылып турат. Бул өз натыйжасын көрсөтүп жатат”, – деп белгиледи Женалы Орозбаев.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост