Социалдык контракттын аркасында 163 миңден ашуун адамдын жашоо шарты жакшырууда

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Аламүдүн районундагы “социалдык контракт” программасына катышкан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө барды.
КР Президенти Садыр Жапаров тарабынан 2022-жылы демилгеленген Программа жакырчылыкты жоюуга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган. Үч жылдын ичинде өлкө боюнча 35 миңден ашуун үй-бүлө мамлекет менен социалдык контракт түзүп, алардын 221и Аламүдүн районунда жашайт.
Сапардын жүрүшүндө министр программаны ишке ашыруунун ийгиликтүү үй-бүлөлөрү менен таанышты.
Медербек Абдылдабековдун үй-бүлөсү азык-түлүк дүкөнүн ачуу боюнча келишим түзгөн программанын катышуучусу. Өз бизнесин мындан ары кеңейтүү үчүн үй-бүлө кошумча 100 миң сом пайызсыз насыя алды. Бүгүнкү күндө жубайлар чогуу иштеп, айына 30 миң сомго чейин туруктуу киреше табышат.
Ийгиликтүү бизнестин дагы бир мисалы-Роза Ташматова, ал дагы 100 миң сом алган. Бул акчага ал эки тигүүчү машина сатып алып, кошумча жумуш орундарын түзгөн. Бүгүнкү күндө анын кирешеси да 30 миң сомго чейин жетет. “Тапкан кирешеме дагы эки тигүүчү машина сатып алдым. Сезондо киреше кыйла көбөйөт”, – деди ал.
Министр Равшанбек Сабиров программанын маанилүүлүгүн баса белгиледи:
«Социалдык контракттын аркасында 163 миңден ашык адамдын жашоо-шарты жакшырып жатат. Бул демилгени стимулдаштыруучу жана туруктуу кирешеге мүмкүнчүлүк түзүүчү реалдуу жардам”, – деп белгиледи ал.
Социалдык контракт программасы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө каржылык көз карандысыздыкка жана туруктуулукка жол баштоо мүмкүнчүлүгүн берип, жигердүү ишин улантууда.
Министр аймактык бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгү менен таанышуу үчүн аймактарга барууну пландаштырууда, иш сапарлардын жүрүшүндө ал социалдык контракт программасын ишке ашыруунун жыйынтыктары менен таанышат.