Социалдык келишимдин суммасын 150 миң сомго жеткирүү пландалууда

Жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө “Социалдык келишим” программасы менен берилүүчү каражаттын суммасын 150 миң сомго чейин көбөйтүү пландалып жатканын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 2024-жылы социалдык келишим боюнча 23 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилген.
Мындан тышкары, аталган программаны ийгиликтүү ишке ашырган үй-бүлөлөр мамлекеттик банктардан 200 миң сомго чейин пайызсыз насыя алып башташкандыгы маалымдалды.