Соцфонд 2025-жылы топтомо пенсиялык каражаттарды инвестициялоону жогорулатты
Социалдык фонд 2025-жылдын январь–декабрь айларында Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарынан 22 млрд 797 млн сомду инвестициялады. Бул тууралуу аталган фонддун жыл жыйынтыгын чыгарган маалыматында айтылат.
Ага ылайык, МТПФ каражаттарынын басымдуу бөлүгү мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) жумшалган. Бир жыл ичинде 12,86–16% жылдык кирешелүүлүк менен 11 млрд 885,4 млн сом инвестицияланган.
МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 12 жана 18 айлык мөөнөткө 5 млрд 925 млн сом өлчөмүндө жайгаштырылып, жылдык кирешелүүлүгү 12,1–16,5% түздү.
Ошондой эле МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү 4 млрд 987 млн сом өлчөмүндө Кыргызстандын эмитенттеринин акцияларына инвестицияланган.
2025-жылдын январь–декабрь айларында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:
- мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча киреше — 5 млрд 755,8 млн сом;
- депозиттер боюнча пайыздык киреше — 940,5 млн сом;
- МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше — 37,5 млн сом;
- башка кирешелер — 0,4 млн сом.
Жалпысынан 2025-жылдын январь–декабрь айларында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 6 млрд 734,2 млн сом киреше алынган.