Соң-Көл жайлоосуна кеткен Канадалык туристтер куткарылды
Соң-Көл жайлоосуна кеткен Канадалык туристтер куткарылды. Бул тууралуу КРнын ӨКМнин басма-сөз кызматы билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын 3-апрелде 4 эркек канада өлкөсүнүн J.Н., E. Z. жана кыргызстандык Ш.Т., Т.Т. аттуу жарандар 30-апрель күнү Соң-Көл жайлоосунан Молдонун-Бели ашуусу аркылуу Ак-Талаа районуна Toyota Sequoia үлгүсүндөгү унаа менен кетип, байланышка чыкпай дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине издөө-иштерин жүргүзүүгө Жумгал райондук №43 ӨКБдан квариялык куткаруу унаасы менен 4 куткаруучу жана туугандарынан 1 адам тартылган.
Жогоруда аталган жарандар Соң-Көл жайлоосунан аман-эсен табылып, унаасы карга тыгылып калгандыгы аныкталган. Абалдары туруктуу. Куткаруучулар тыгылып калган унааны чыгарып беришип, жардам көрсөтүшкөн.