Словакиянын Президенти Петер Пеллегрини Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

 Словакиянын Президенти Петер Пеллегрини Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Словакия Республикасынын Президенти Петер Пеллегрини Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Словакия менен Кыргызстанды көп жылдык достук байланыштырып турганына кубанычтамын. Биздин мамилелерибиздин өзгөчө мүнөзүн быйыл биргелешип белгилеген “Интергельпо” кыймылынын жалпы мурасы дагы чыңдап турат.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сизге Словакия Республикасынын Сиздин жетекчилигиңиз астында көрүнүктүү экономикалык натыйжаларга жетишип жаткан Кыргызстан менен достук мамилелерди, өнөктөштүктү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да интенсивдүү өнүктүрүүгө жана ар тараптуу бекемдөөгө болгон чын ыкластуу кызыкчылыгын билдиргим келет.

Сизге жана Кыргызстандын бардык жарандарына гүлдөп-өсүүнү, чың ден соолукту, тынчтык жана ийгиликтүү демократиялык, экономикалык жана социалдык өнүгүүнү каалайм”, – деп айтылат телеграммада.

Связанный пост