Си Цзиньпин Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

 Си Цзиньпин Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“Сиздин жетекчилигиңиз астында Кыргызстан улуттук өнүгүүдө тынымсыз жаңы жана кубандырган ийгиликтерге жетишүүдө. Жакында эле Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасы бекитилди, бул жаңы Кыргызстанды куруунун планын түздү. Достук мамиледеги коңшу жана жаңы доордогу ар тараптуу стратегиялык өнөктөш катары Кытай тарап буга чын жүрөктөн кубанат.

Быйыл жыл башынан бери биз сиздер менен эки жолу ийгиликтүү жолугушууларды өткөрүп, Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы ар тараптуу кызматташтык боюнча маанилүү консенсуска жетишип, кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүнүн жаңы планын түздүк. Кытай тарап кыргыз тарап менен биргелешип саясий өз ара ишенимди чыңдоого, бири-бирибизди бекем колдоого жана Кытай менен Кыргызстандын тагдыры бир коомчулугун түзүү максатында “Бир алкак, бир жол” долбоорун жогорку сапатта биргелешип курууга даяр.

Кыргызстанга гүлдөп-өсүүнү, ал эми элине бакыт жана бакубатчылык каалайм», – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Связанный пост