Швейцария Конфедерациясынын Президенти Карин Келлер-Зуттер Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

 Швейцария Конфедерациясынын Президенти Карин Келлер-Зуттер Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Швейцария Конфедерациясынын Президенти Карин Келлер-Зуттер Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Швейцариянын Федералдык кеңешинин жана Швейцария элинин атынан Сизди жана Сиздин мекендештериңизди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм.

Ошондой эле Сиздин өлкөңүзгө жана анын жарандарына бактылуу жана ийгиликтүү келечек каалайм.

Биздин эки өлкө көп тараптуу мамилелерди колдоого алып жатканына кубанычтамын, аларды келечекте дагы өнүктүрө алабыз деп ишенем. Швейцариянын 2026-жылы ЕККУга төрагалык кылуусу учурунда Кыргыз Республикасы менен тыгыз кызматташууга үмүттөнөбүз», – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Связанный пост