ШКУ Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге жана чечимдерге кол коюлду

Москва шаарында (Россия Федерациясы) Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге жана чечимдерге кол коюлду.

Тизме:

1. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын (премьер-министрлеринин) жыйырма төртүнчү жыйынынын жыйынтыгы

боюнча биргелешкен коммюнике.

2. Шанхай кызматташтык уюмунун туруктуу иштеген органдарынын кызмат адамдарынын акчалай камсыздоосу, кепилдиктери жана компенсациялары жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Өкмөт башчылар кеңешинин (премьер-министрлердин) чечими.

3. 2026-жылга Шанхай кызматташтык уюмунун бюджети жөнүндө Өкмөт башчылар кеңешинин (премьер-министрлердин) чечими.

4. 2024-жылга Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетинин аткарылышы боюнча Шанхай кызматташтык уюмунун Финансылык отчету жөнүндө Өкмөт башчылар кеңешинин (премьер-министрлердин) чечими.

5. Шанхай кызматташтык уюмунун Финансылык эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Өкмөт башчылар кеңешинин (премьер-министрлердин) чечими.

6. Шанхай кызматташтык уюмунун туруктуу иштеген органдарынын финансылык-чарбалык ишине тышкы аудит жүргүзүү боюнча комиссиянын отчету жөнүндө Өкмөт башчылар кеңешинин (премьер-министрлердин) чечими.

7. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтык программасын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлгөн иш-чаралар жана жыйындар жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгынын отчету боюнча Өкмөт башчыларынын кеңешинин (премьер-министрлердин) чечими.

8. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин темир жол администрацияларынын (темир жолдорунун) өз ара аракеттенүү концепциясын 2027-жылга чейин ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын Өкмөт башчыларынын кеңешинин (премьер-министрлердин) чечими.

9. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы социалдык өнүгүү жана коргоо жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча 2026-2028-жылдарга карата жол картасы жөнүндө Өкмөт башчыларынын кеңешинин (премьер-министрлердин) чечими.

10. 2017-жылдын 1-декабрындагы Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол.

Связанный пост