Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

 Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Акыркы жылдары Сиздин даанышман жетекчилигиңиз астында Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан масштабдуу жана узак мөөнөттүү өзгөрүүлөрдүн натыйжасында калктын жашоо деңгээли тынымсыз жогорулап, өлкөнүн эл аралык аренадагы кадыр-баркы жана ролу барган сайын өсүүдө.

Биргелешкен чечкиндүү аракеттерибиздин аркасында биздин достук мамиледеги өлкөлөрүбүздүн ортосундагы түбөлүк достук, ынак коңшулук жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелери мындан ары да динамикалуу өнүгөт деп ишенем.

Сиздин жакынкы келечекте өлкөбүзгө болгон сапарыңыз эки тараптуу жана көп жактуу кызматташтыктын өнүгүшүнө күчтүү түрткү берери шексиз», – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровго чың ден соолук жана жооптуу мамлекеттик ишинде албан ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык, гүлдөп-өнүгүү, бакубатчылык жана мындан аркы прогресс каалады.

Связанный пост