Шавкат Мирзиёев Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун маанисин белгиледи

 Шавкат Мирзиёев Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун маанисин белгиледи

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кечээ Анжиян облусунда өткөргөн жыйында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун аймак үчүн өзгөчө мааниге ээ экендиги белгиленди, деп билдирет өлкө башчынын басма сөз кызматы.

Анын айтымында, бул багыт жүктөрдү жеткирүү мөөнөтүн бир жумага кыскартып, аралыкты миң чакырымга чейин азайтат.

Мамлекет башчысы темир жол ишке кирсе, ташуулар он эсеге чейин көбөйөрүн белгилеп, ошол эле учурда ички темир жол түйүндөрү, бажы пункттары жана логистикалык станциялар ушундай жүк агымына даярдыгын текшерүүнү тапшырды.

Ушундан улам тиешелүү жетекчилерге инфраструктуралык даярдык боюнча кеңири программаны иштеп чыгуу жана анык эсептөөлөрдү жүргүзүү милдетин жүктөдү.

Жыйында ошондой эле транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү маселеси талкууланып, Бишкек – Душанбе – Термез жолундагы Карадарья дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнү реконструкциялоого 25 миллиард сум (дээрлик 2 млн доллар) бөлүү пландалып жатканы айтылды.

Эскерте кетсек, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу 2024-жылдын декабрында башталган. Жаңы маршрут Кашгар – Торугарт – Макмал – Жалал-Абад – Андижан сыяктуу багыттар аркылуу өтүп, Кытайдан жүктөрдү Борбор Азия аркылуу Түркия, Европа жана Перс булуңундагы өлкөлөргө жеткирүүгө жол ачат.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост