Шайлоо системасын реформалоого салым кошкондор сыйланды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын реформалоого чоң салым кошкондорго мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары – Корея Республикасынын “Miru Systems Co., Ltd” (Миру Системс) компаниясынын президенти Чон Джинбокко “Даңк” ордени, ал эми “Miru Systems Co., Ltd” (Миру Системс) компаниясынын Кыргыз Республикасындагы расмий өкүлү Шыгай Тилекке Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы тапшырылды.

Анда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстан шайлоо системаларын адам факторунан алыстата турган заманбап технологияларды киргизүү аракетин токтотпой келгенин, биометрикалык каттоо системасы, шайлоо процессинде автоматтык эсептөөчү урналардын  (АСУ) киргизилиши, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров шайлоодо административдик ресурстун бир да элементи колдонулбастыгына чекит койгонун билдирди.

“Бул багытта Кыргыз Республикасы Корея Республикасы менен тыгыз кызматташып келди. Кореянын “Миру Системс” компаниясында жасалган технологиялар шайлоонун так жана айкын болуусун жана ишенимдүү киберкоопсуздукту камсыз кыла алды. Бул система ишенимдүү жана натыйжалуу экенин өткөн жылы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо мезгилинде көрдүк. Сиздерди алган мамлекеттик сыйлыгыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм, биздин кызматташуу мындан ары да үзүрлүү болот деген ишенимди билдирем”, – деп сөзүн жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев.

Связанный пост