Шаардын түштүк тарабында дагы бир мектеп ачылат

Октябрь районунун 10-кичирайонунда КРнын Президентинин тапшырмасы менен дагы бир мектеп ачылат.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 10-кичи райондо жайгашкан И.Арабаев атындагы университетке барып, имараттын жана аудиториянын абалы менен таанышты.

Имараттын аянты 11000 чарчы метрден ашат жана анын жарымы туура эмес багытта колдонулган.

Мамлекет башчысы имараттын кейиштүү абалын эске алып, жалпы билим берүүчү уюм катары Бишкек шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берүүнү, ошондой эле жаңы окуу жылына карата капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Эскерте кетсек, былтыр шаар боюнча 15 мектеп жана 1 бала бакча ачылган.

Связанный пост