Шаардык перинаталдык борбордо үч эм жарыкка келди

 Шаардык перинаталдык борбордо үч эм жарыкка келди
2023-жылдын 20-июнунда Бишкектеги Шаардык перинаталдык борбордо үч эм жарыкка келди, бир уул жана эки кыз. Биринчи наристе 1 кг 400 гр, ал эми кыздар 1 кг 740 гр жана 1 кг 690 гр салмакта төрөлгөн.
Бул 33 жаштагы Чъй облусунун тургунун экинчи кош бойлуулугу. Төрөт мөөнөтүнөн мурда 33-жумада болгон. Төрөлгөндө ымыркайлар 3 күн реанимация жана интенсивдүү терапия (РИТ) шартында болуп, абалы турукташкандан кийин 2023-жылдын 23-июнунда жаңы төрөлгөн ымыркайлардын экинчи этаптагы кам көрүү бөлүмүнө которулган. Учурда апасынын жанында дарыланууну улантышууда.

Связанный пост