Сердар Бердымухамедов Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады
Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин жаңы жыл менен куттуктады.
“Сизди келе жаткан Жаңы 2025-жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Сизге чың ден соолук, бардык иштериңизге жана башталыштарыңызга чоң ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине – тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм. Жаңы жыл баарыбызга бакыт жана бакубатчылык алып келсин”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.