Сердар Бердымухамедов Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк
күнү менен куттуктады.
«Учурда Түркмөнстан менен Кыргызстандын ортосундагы коңшулаштык, достук жана ишеним принциптерине негизделген салттуу боордоштук мамилелер жаңы мазмунга толуп жатат.
Биздин биргелешкен аракеттерибиз менен түркмөн-кыргыз мамлекеттер аралык байланыштары боордош элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мынданары да кеңейип, чыңдала берет деп бекем ишенем», – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.