“Семёнов – Тянь-Шаньский” чокусунда дайынсыз жоголгон туристти издөө иши жүрүп жатат
25- июлда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ала-Арча капчыгайындагы “Семенов – Тянь-Шаньский” чокусуна чыгып, дайынсыз болгон адамды ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун “Эдельвейс” тоодо куткаруу кошуунунан 8 куткаруучу издеп жатышат.
Эске салсак, 2023-жылдын 14-июль күнү аталган чокуга чыккан 32 жаштагы К.С. аттуу чет өлкө жараны дайынсыз болуп жаткандыгын туугандары билдиришкен.
ӨКМге түшкөн билдирүүдөн улам куткаруучулар тоодо куткаруу, издөө иштерин тынымсыз улантышууда.