“Семенов — Тянь-Шаньский” чокусунда бир айдан бери чет өлкөлүк турист изделүүдө

Бүгүн Семёнов чокусунун батыш тарабынан түшкөн кар көчкү алдынан чет өлкөлүк жаранды издөөгө КДМБнын “Эдельвейс” кошуунунан 5 куткаруучу чыгып кетишкен.

Алар чокунун түндүк-батыш тарабынан түшкөн кар көчкүнүн ылдыйтан өйдө карай издөө иштерин жүргүзүшмөкчү.

Куткаруу тобу Семёнов чокусунан “Хижина Наукага” түнөккө калышат.

Эске салсак, “Семёнов — Тянь-Шанский” чокусуна 14-июлда 34 жаштагы К.С. аттуу чет өлкөлүк жаран чыгып кетип, байланышка чыкпай жаткандыгы тууралуу туугандары билдиришкен. Бул жаранды издөө КДМБнын “Эдельвейс” тоодо куткаруу кошууну тарабынан тынымсыз изделип келген.

Связанный пост