Сауд Аравия Кыргызстандын ГЭС жана күн станцияларын куруу долбоорлоруна кызыкдар

 Сауд Аравия Кыргызстандын ГЭС жана күн станцияларын куруу долбоорлоруна кызыкдар

Кыргызстандын Сауд Аравия Падышалыгындагы элчиси Улукбек Марипов Сауд Аравиянын энергетика министринин орун басары Мохаммед Абдульрахман Ибрахим менен жолукту. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар энергетика тармагында кызматташуунун келечегин талкуулашты. Анын ичинде Кыргызстанда күн жана шамал станцияларын, ошондой эле чакан жана ири гидроэлектростанцияларды куруу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселеси каралды.

Элчи Сауд Арабиясынан мунай продуктуларын сатып алууну, энергетикалык инвестицияларды тартууну жана “жашыл” долбоорлор боюнча көмүртек кредиттери менен алмашууну сунуштады.

Өз кезегинде Мухаммед Ибрахим энергетика секторундагы кызматташтыкты, ошондой эле соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү чыңдоо зарылдыгын колдоп, өз ара кызыкчылыктуу бардык маселелер боюнча көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Связанный пост