Сауд Арабия Падышасы Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

 Сауд Арабия Падышасы Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Сауд Арабиясынын Падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауд Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.
“Чын дилден куттуктоолорубузду жолдоп, Сизге чың ден соолук жана бак-таалай, ал эми Кыргызстандын өкмөтүнө жана боордош элине мындан аркы өнүгүүнү жана өсүүнү каалайбыз”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Ошондой эле өзүнүн куттуктоосун мураскор ханзаада, Сауд Арабиясынын Министрлер кеңешинин төрагасы Мухаммад бин Салман бин Абдулазиз Аль Сауд да жөнөткөн.

Связанный пост