Сары-Могол айыл өкмөтүндө муниципалдык мейманкана курулат

КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери менен бирге Сары-Могол айыл өкмөтүндө курула турган муниципалдык мейманканын пайдубалына капсула салуу иш-чарасына катышты.

Эльчибек Джантаев бул долбоорду колдоорун билдирип, мейманкананын курулушу туризмди өнүктүрүүдө жана өлкөнүн экономикалык потенциалын жогорулатууда маанилүү кадам болот деген ишенимин билдирди.

Мейманкананын курулуш долбоору- Сары-Могол айылына келген чет элдик туристтерди жана конокторду кабыл алуу үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган маанилүү демилге.

Мейманкананын курулушу муниципалитеттин карамагындагы жер тилкесинде жүргүзүлүп, бул өз кезегинде айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешесинин көбөйүшүнө шарт түзөт.

Учурда мейманкананын куруу долбоорун 2024-жылга чейин бүтүрүү каралган. Мейманкана заманбап стандарттарга жооп берет жана аймактын коноктору үчүн бардык шарттар каралган.

Связанный пост