Санкт-Петербургда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышууда

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-декабрда Санкт-Петербург шаарындагы Б.Н. Ельцин атындагы Президенттик китепканада өтүп жаткан Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышууда.

Иш-чаранын алдында президент Садыр Жапаровду Россиянын президенти Владимир Путин тосуп алды.

Саламдашуу аземинен жана Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин лидерлеринин биргеликте сүрөткө түшүүсүнөн кийин делегация башчылары жыйынга катышуу үчүн залга бет алышты.

Связанный пост