Санарип сом боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров “Улуттук санарип валютасынын – санарип сомунун Кыргыз Республикасындагы укуктук статусунун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 20-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзам улуттук санариптик валютанын прототиби “санариптик сомдун” пилоттук долбоорун ишке киргизүү, ошондой эле укуктук негизди жана анын статусун түзүү максатында иштелип чыккан.
Мыйзамда төмөнкүлөр каралат:
– КР Жарандык кодексине, Бюджеттик кодексине, ошондой эле “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамына “санарип сом” улуттук санарип валютасы жөнүндө жоболорду киргизүү;
– КР Жарандык кодексинин 89-беренесин юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин фирмалык аталыштарында “санариптик сом” жана “санарип сом платформасы” деген сөздөрдү колдонууга тыюу салуу жөнүндө ченем менен толуктоо;
– КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 303-1-беренесине санариптик сомду кабыл алуудан баш тарткан учурда айып пул салуу караштырылган ченем менен толуктоо;
– “санарип сом” улуттук санарип валютасына байланыштуу “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” КР мыйзамына жаңы аныктамалар менен толуктоо;
– “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” КР мыйзамынын 3-1 жана 15-1-беренелери менен толуктоолор, аларга ылайык санариптик сом платформасында төлөмдөрдү уюштурууга жана санариптик сом менен акыркы эсептешүүлөрдү уюштурууга карата талаптар;
– КР “Банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамына банктык операцияларды жүзөгө ашырууда банктар үчүн талаптар менен толуктоо.