“Санарип билим берүү борбору” мамлекеттик мекемеси түзүлдү – максаты жана милдети

 “Санарип билим берүү борбору” мамлекеттик мекемеси түзүлдү – максаты жана милдети

Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Санарип билим берүү борбору” мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Белгиленгендей, борбор КР министрлер кабинетинин 2023-жылдын 7-сентябрындагы №448 токтомуна ылайык түзүлдү.

Борбордун максаты санариптик чечимдерди иштеп чыгуу жана киргизүү жолу менен өлкөнүн билим берүү системасынын инфраструктурасын жакшыртуу болуп саналат.

Мамлекеттик мекеме түздөн-түз Билим берүү жана илим министрлигине баш иет.

“Санарип билим берүү борбору” мамлекеттик мекемесине 2024-2027-жылдарга карата төмөндөгү маалыматтык системаларды иштеп чыгуу жана оператор болуу тапшырылды:

– “Аттестаттар маалымат базасы”;
– “Жалпы билим берүү уюмдарынын электрондук тарификациясы жана штаттык расписаниеси”;
– “Акселератор”;
– “Мугалимдерди баалоо”;
– “БИМ”.

КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 2023-жылдын 20-октябрындагы №540 тескемесине ылайык “Санарип билим берүү борбору” мамлекеттик мекемесинин директору болуп Бабаев Бектурган Назарбекович дайындалды.

Связанный пост